Бирге окуйбуз


Альбомго шилтеме https://goo.gl/photos/eTYtcRx19LQpyvrf8

Апрель айы Китеп куну

Отправлено 13 янв. 2016 г., 08:59 пользователем Жылдыз Унжурбаева   [ обновлено 13 янв. 2016 г., 09:04 ]






       2014-2015-окуу жылынын апрель айынын 23үндө Ч.Иманкулов орто мектебинде китеп күнү белгиленди. Бул күнү мектептин китепканачысы Кайырбекова Салтанат окуучулар жана класс жетекчилер менен бирге концерттик программа менен катар китепти колдонуу, сүйө билүү, сактоо жөнүндө бир нече доклад окуду. Китеп жөнүндө ар кандай сценкалар көрсөтүлдү. 

1а классынын ачык сабагы

Отправлено 8 янв. 2016 г., 07:42 пользователем Жылдыз Унжурбаева   [ обновлено 19 янв. 2016 г., 05:55 ]




Куррикулум "Баалоонун түрлөрү"
  Декабрь айынын "3"дө 1а классында математика  сабагынан ачык  сабак өтүлдү. Сабактын жүрүшүндө мугалим ар кандай методдорду, баалоонун түрлөрүн  колдонду.  

1б классынын ачык сабагы

Отправлено 8 янв. 2016 г., 06:59 пользователем Жылдыз Унжурбаева   [ обновлено 8 янв. 2016 г., 07:22 ]






Ноябрь айында башталгыч классынын декадасы жүрүп, 1б классында жазуу сабагынан ачык сабак өтүлдү. Балдар "ё" тамгасы менен таанышып, анын жазылышын, окулушун үйрөнүштү. Ар кандай мисалдарды, оюндарды, кызыктуу сүрөттөрду көрсөтүү менен мугалим Елена Александровна көнүлдүү сабак өттү. Сабактын жүрүшүндө балдар кичинекей болушса дагы өздөрүнүн билимин жакшы деңгээле көрсөтө алышты. 

2б классынын ачык сабагы

Отправлено 8 янв. 2016 г., 06:39 пользователем Жылдыз Унжурбаева   [ обновлено 19 янв. 2016 г., 05:58 ]




Башталгыч классынын мугалими Валентина Викторовна биздин мектепте көп жылдан бери талыкпай  эмгектенип келет. Ал балдар менен терен иш алып барат. Болгон жан дүйнөсү менен ар бир окуучуга жеткиликтүү билим берүүгө аракеттенет. Анын сабагы дайыма кызыктуу, көңүлдүү жана түшүнүктүү өтөт. Бул ирээт дагы Валентина Викторовна аябагандай жакшы сабак өттү.  

Салам Ысык-Кол 2015

Отправлено 26 нояб. 2015 г., 06:45 пользователем Жылдыз Унжурбаева   [ обновлено 8 янв. 2016 г., 07:23 ]




         Булан-Соготту айылындагы "Аврора" санаторийинде 2015-жылдын июнь айында откон "Салам Ысык-Кол 2015" сезондун ачылыш аземине Ч.Иманкулов орто мектебинин мугалимдер жамаатынын кошкон салымы зор болгон. Бул мектептин мугалимдер жамааты ар дайым ынтымакта, кандай гана зор иш болбосун ар дайым конулдуу, так жана бирдикте иш алып барышат. 
Урматтуу мугалимдер жамааты! Ишиниздерде чон-чон ийгиликтер, зор жетишкендиктер болсун!
   

Куз майрамы 2015

Отправлено 26 нояб. 2015 г., 06:02 пользователем Жылдыз Унжурбаева   [ обновлено 8 янв. 2016 г., 07:25 ]





       Куз мезгили. Жаратылыш озунун кандайдыр бир сыйкырдуу кучу менен жан дуйнонду аралап,  козун тойгус кооздугу менен жылуулук арнап, берекеси менен ырыскы тартуулап турган учурда, Ч.Иманкулов орто мектебинин башталгыч класстар мугалимдери жана окуучулары озулорунун колдору менен жасаган ар кандай коргозмолору жана  концерттик программасы менен дагы бир ирээт кубандырды. Ар дайым дуйнодо тынчтык, элибизде ынтымак, жерибизде береке, уйубуздо кут, жаныбызда балдарыбыз болсун! 
Терен ыраазычылык билдируу менен 
Мектеп администрациясы. 

Мектепте өтүлгөн КВН

Отправлено 19 нояб. 2015 г., 23:40 пользователем Гүлнара Өмүрзакова   [ обновлено 8 янв. 2016 г., 07:26, автор: Жылдыз Унжурбаева ]





       Мектеп ичинде   жогорку  класстар үчүн  "Достук"-деген   темада    КВН  өткөрүлдү. Бул  КВНдин   негизги   максаты- окуучуларды  ынтымакка,  достукка,   адептүүлүккө  үндөө.
Ар  бир   катышкан  команда  өзүлөрүнүн  атын,  эмблемасын,  ырын  жактап,  бирден    сценка   коюп   жатышты. Бул  таймашта  "Кызгалдак"-аттуу  кыздар   командасы    85   упай  менен   утушка   ээ болду. Ал  эми   балдардын  "Эр  жигит"-аттуу  командасы  68  упай  менен   жеңилип  калышты.  Эң   башкысы   окуучулар   достукту   жогору   баалоо  менен   бирдикте  КВНди  көңүлдүү  аякташты.

Ч.Айтматовго 85 жыл

Отправлено 19 нояб. 2015 г., 23:31 пользователем Гүлнара Өмүрзакова   [ обновлено 8 янв. 2016 г., 07:27, автор: Жылдыз Унжурбаева ]

 



      Ч.Айтматовдун  85  жылдыгына  арналган    кече  болуп  өттү. Бул  кече  кыргыз  тили   жана  адабияты   мугалимдери  тарабынан   даярдалды. Мында  окуучулар   Ч.Айтматовдун  "Эрте    жаздагы   турналар", "Биринчи   мугалим", "Ак   кеме", "Жамиля"   чыгармаларынан   үзүндүлөрдү  аткарышты.  Улуу   жазуучунун   чыгармалары    бизди   дайыма    алга   умтулууга, кыргыздын   патриоту  болууга, чыныгы   адамдык  сапаттарды  алып    жүрүүгө  үндөйт.  Төмөндөгү     мектептин   тарбия  завучу  Акелеева   Динаранын   ыр  саптары   ачык   айгинелеп   турат.   


    

Алтын күз майрамы-2015

Отправлено 19 нояб. 2015 г., 23:12 пользователем Гүлнара Өмүрзакова   [ обновлено 8 янв. 2016 г., 07:27, автор: Жылдыз Унжурбаева ]





      Алтын күз майрамы 3-ноябрда өтүлдү. Бул  майрамда   окуучулар  майрамдагыдай    маанайда   ар  бир  класс  даярданышып,  жашылчалардан ар  түрдүү  композицияларды  жана  гербарийлерден  көргөзмөлөрдү  уюштурушту.  Өзгөчө  2 б классынын   окуучуларынын   аткарган  ырлары   жана   бийлери  көпчүлүктүн   көңүлүн  өзүнө  бурду. Эң  жакшы   жасалган   композициялар   мектептин  көргөзмө   залына   илинип,  мыкты   окуучуларга  мактоо   баракчалары  тапшырылды.

1-9 of 9