2б классынын ачык сабагы

Дата публикации: Jan 08, 2016 2:39:38 PM

Башталгыч классынын мугалими Валентина Викторовна биздин мектепте көп жылдан бери талыкпай эмгектенип келет. Ал балдар менен терен иш алып барат. Болгон жан дүйнөсү менен ар бир окуучуга жеткиликтүү билим берүүгө аракеттенет. Анын сабагы дайыма кызыктуу, көңүлдүү жана түшүнүктүү өтөт. Бул ирээт дагы Валентина Викторовна аябагандай жакшы сабак өттү.