Ч.Айтматовго 85 жыл

Дата публикации: Nov 20, 2015 7:31:38 AM

Ч.Айтматовдун 85 жылдыгына арналган кече болуп өттү. Бул кече кыргыз тили жана адабияты мугалимдери тарабынан даярдалды. Мында окуучулар Ч.Айтматовдун "Эрте жаздагы турналар", "Биринчи мугалим", "Ак кеме", "Жамиля" чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткарышты. Улуу жазуучунун чыгармалары бизди дайыма алга умтулууга, кыргыздын патриоту болууга, чыныгы адамдык сапаттарды алып жүрүүгө үндөйт. Төмөндөгү мектептин тарбия завучу Акелеева Динаранын ыр саптары ачык айгинелеп турат.