СОЦ.ПЕДАГОГДУН ИШИ

Зордук-зомбулуктун алдын алуу иштери боюнча анализ.

Сентябрь айында ар бир класс жетекчи класстык сааттарды өтүп,зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү . Анда окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша «Рэкет деген эмне?» «Зомбулуксуз мектеп», С чего начинается преступление»,»Школа без насилие» жана башка ушул сыяктуу ар кандай темаларда класстык сааттар өтүлдү.Эгерде бирин-бири опузалоо, маскаралоо,же салык салуу бири-бирине үстөмдүк кылуу сыяктуу көрүнүштөр мектеп ичинде байкалса ,же боло турган болсо сөзсүз өз убагында тийиштүү жерлерге кайрылуу керектиги жөнүндө билишти.

Октябрь айында жалпы ата-энелер чогулушу өтүлөп,анда балдарды ар кандай кырсыктардан сактоо боюнча ювеналдык соттун милдетттери жана максаттары жөнүндө ата-энелерге түшүнүк берилди.Ошондой эле өлкөбүздө мектепке чейинки жана мектеп жашындагы кыздарды зордуктоо фактылары көп катталып жатат.Ошондуктан ата-энелер класс жетекчилер менен бат-бат байланышып, балдарыңыздардын сабакка кеткен жана келген убактысын көзөмөлдөп турсаңыздар.Жыл сайын балдарыбыз жол кырсыгына кабылып жатышат.Балдарды ар кандай кырсыктан сактоо биздин жана сиздердин милдет.Чогулуштун жыйынтыгында №38 мектеп менен спорт мектебинин ортосундагы чыр-чатак жана 19-сентябрда Жумгал районунун Көк-Ой айылында болуп өткөн окуучулардын ортосундагы үстөмдүк кылуу иштеринин аягы адам өлтүрүү фактысы менен аяктаган.Ата энелер чогулушунда бул маалыматттар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.Зордук-

зомбулукту алдын алуу жалпы коомчулуктун иши экенин билишти.

26-ноябрь «Зордук-зомбулуктун алдын алуу күнүнө» карата 9-11-класстарынын ортосунда тегерек стол өттүк.Мында окуучулар мугалимдер менен бирдикте зордук-зомбулук боюнча ой бөлүшүштү.

1.Зордук-зомбулук деген эмне?

2.Зордук-зомбулуктун алдын алуу үчүн эмне кылышыбыз керек?

3.Зордук-зомбулуктун кандай түрлөрү бар?

4.Зордук-зомбулукка каршы кандай чараларды колдонсок болот?

5.Зордук-зомбулукка кабылган балдар менен педагогдор кандай мамиле түзүү керек? деген сыяктуу суроолордун үстүндө иш алып бардык.Мында окуучулар зордук-зомбулуктун ар кандай түрлөрүн белгилеп кетишти.Мисалы:

Ата-эне тарабынын болгон зомбулук

Бир тууган тарабынын болгон зомбулук

Чоң балдар тарабынан болгон зомбулук

Мектептеги окуучулар тарабынан болгон зомбулук

Чоочун адамдар тарабынан болгон зомбулук деп зомбулуктун ар кандай жолдорун айтып жатышты.Жыйынтыгында зордук-зомбулук боюнча толук түшүнүк алышты.

Мектеп окуучуларынын арасында зомбулук , мектеп рекети, талап –тоноочулукту болтурбоо, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча

-«Биз коррупциясыз келечек үчүн» деген девиздин астында класстык сааттар, сүрөт сынактары өткөрүлдү.

Тамеки тартуу, аракечтик жана бангиликтин жайылышы да өзгөчө жаш өспүрүмдөрдүн арасында зордук-зомбулук иштеринин көбөйүшүнө алып келип жаткандыгы байкалууда.Ошондуктан класс жетекчилер менен бирдикте “Тамеки өмүргө зыян”,

“Аракечтик адамды жок кылат” деген темада класстык сааттар өткөрүлдү. Мына ушул сыяктуу иш чаралардын жыйынтыгында окуучулар зордук-зомбулукка кабылбаш үчүн

жогоруда өтүлгөн иш чараларды туура кабыл алып,келечектин татыктуу инсандары болууга ынанышты.Өздөрү дагы өсүп келе жаткан жаш муундарга зомбулук көрсөтпөйбүз деп сөз беришти. «Бекитемин»

Директору: Сыдыкова Г.М

«_____»_________ 2016-2017-ж

Соц педагогдун жылдык иш планы

класс жетекчилер жөнүндө маалымат Гулзада эжн
Протокол.№2 кылмыштуулук
Протокол.№2 Суицидx
Соцпедегогдун жылдык планы ИЗМЕНЕННЫЙ ОТ 190918

Бекитемин: Сыдыкова Г.М

Диний экстремизмге каршы күрөшүү жана терроризмди алдын алуунун планы

Тунку рейддин жыйынтыгы

Январь айында 9-б классынын окуучулары Асамудинова Ажара, Асамудинов Данияр, Асамудинов Медердин сабакка жетишуусу томондоп бара жаткандыктан социалдык абалын иликтоо максатында уйуно бардым.

Соцпедагог:

Балдардын окуусу кун откон сайын томондоп бара жатат, же уйдон окубай жатышабы? Кайсы учурда уй тапшырмаларын аткарышат? Сабак окууга кандай шарттар тузулгон? Сиз озунуз эмне иш кыласыз?

Балдардын апасы Асамудинова Замира:

Мен балдарым деп жашап келем. Балдарым учун бардык шарттар тузулгон. Коруп чыксанар болот. Бул сабак окуй турган болмосу, ар биринин сабак окуй турган партасы бар. Бул балдарымдын уктай турган болмосу, бул кызымдын уктай турган болмосу, ар биринин оздорунун кроваты бар. Бул жерде санузел, суукта балдар сыртка чыгышпайт. Ал эми бул биздин кухнябыз, ушул жерден тамактанабыз.

Мен «Ак дил» кризисный центр жана «Семья мама +5» проекти менен иштешем. «Ак дил» кризисный ценрдан убактылуу кризиске кабылган балдар келет. Убактысы буткондо уйлоруно кайтышат. Ал эми «Семья мама +5» проектисинен дагы балдар келет. Азыркы учурда бул проектен келген 4 бала бар. Улуусу 10 жашта, кийинкиси 6 жашта, андан кийинкиси 3 жашта, Кичуусу 1 жашка чыгайын деп калды.Улуусун 3-чейректен баштап мектепке берем. Кийинкисин бакчага суйлошойун деп жатам. Экоону уйдон озум карайм. Ал эми бул балдарым мага жардамдашат. Ажара бийге катышат.Азыр Бишкек шаарында. Жетекчиси бий боюнча алып кеткен. Медеримдин ден соолугу анча жакшы эмес. Ошондуктан аны уйдон жумшабайбыз. Баарыбыз аяп турабыз. Уйдон мага эн чон жардам берген Даниярым. Кээде мага кенешчи да болуп кетет. Баарын байкап турат. Бир нерсе туура эмес болуп калса , мени кутпой эле озу тура калып жасап кирет, же эскертип турат.

3-чейректен баштап сабактарын жакшы окушат, оздору дагы аракет кылабыз деп соз берип жатышат.

«Бекитемин»

Мектептин директору: Сыдыкова Г.М.

Ч.Иманкулов атындагы Булан-Сөгөттү орто мектебинин жашоого умтулуунун алдын алуунун иш планы

Ч.Иманкулов атындагы орто мектебинде

көзөмөлдө турган окуучулар жөнүндө маалымат

2016-2017- окуу жылы.

Мектептин директору: Сыдыкова .Г.М

Окуучулардын арасында опузалоо жана зомбулук фактыларын алдын алуу иштери боюнча анализ.

2016-жылдын сентябрь айынан бери 1-11-класстарын көзөмөлгө алуунун натыйжасында 9 «Б» классынын окуучулары Бейшенбеков А, Чолпонкулов Т, Өмүрбек у Р, Саламат у А, Орузбаев Э, Мурат у Р дар сабактан көп калгандыгы жана тартиптери начар болуп жаткандыгы аныкталды. Окуучулардын сабакты көп калтыруусун аныктагандыгыбызда 3 окуучу айылдагы Рахматовдун үйүндө алма терип жүргөндүгү билинди. Бул маселе боюнча класс жетекчиси Айтыкулова А ал адам менен байланышып, балдарды катуу көзөмөлгө алуу менен бирге жана алардын ата-энелери менен байланышып , балдардын тартиби боюнча маалымат берип, эмне үчүн сабак учурунда балдарыңарга бирөөгө барып жардам берүүсүнө жол бересиңер, бул боюнча ар бир ата-эне өзүңөр жооп бересиңер деген маалыматтар менен түшүндүрүү иштерин жүргүздүк.

Бул маселенин чечилишине 10 күндүк мөөнөт бердик. Бул убакытта мектептин администрациясы жана класс жетекчиси, Балдар кеңеши окуучуларга ар тараптан байкоо жүргүзүп турдук. Бирок балдардын сабакты калтыруусу кайрадан эле кайталанып жаткандыгына байланыштуу 3-октябрь күнү ИДНдин кызматкерин чакырып, балдардын арасында профилактикалык иштерди байма-бай өткөрүп туруусун өтүндүк.Бул чогулуштан кийин мектептин администрациясы класс жетекчиси менен бирдикте балдардын тартибин көзөмөлдөп турдук. Бирок бул убакытта эч кандай өзгөрүү болбогондуктан кайрадан ИДНдин кызматкери Рысбекова Баяна менен ата-энелерин чакыртып,17-октябрдан баштап Саламат у А менен Мурат у Рны райондук жаш өспүрүмдөр бөлүмүнө учётко алдык. Ал эми Өмүрбек у Рны, Орузбаев Эни мектеп ичиндеги көзөмөлгө алдык.Ал эми бул эки айдын аралыгында окуучулардын арасында бирин-бири опузалоо жана зомбулук фактылары каттталган жок. Окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттыруу, аларга жакшы мамиле кылуу, алардын ички дүйнөсүнө сүңгүп кирип, көйгөйлүү проблемаларын чечип берүү ар бир класс жетекчиге милдеттендирилди.

1. Ч.Иманкулов орто мектебинде 2016-2017-окуу жылында ИДНдин учётунда турган окуучу жөнундө маалымат.

pan>окуучулардын арасында бирин-бири опузалоо жана зомбулук фактылары каттталган жок. Окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттыруу, аларга жакшы мамиле кылуу, алардын ички дүйнөсүнө сүңгүп кирип, көйгөйлүү проблемаларын чечип берүү ар бир класс жетекчиге милдеттендирилди.

Бекитемин

Мектептин директору: Сыдыкова Г.М

Окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча 2016-2017- окуу жылына карата Ч Иманкулов орто мектебинин алдында түзүлгөн прфилактикалык кеңешинин иш планы.

2016-2017-окуу жылында Ч.Иманкулов атындагы орто мектебинде окуган майып окуучулардын тизмеси.

Мектептин директору: Сыдыкова Г.М

Социалдык коргоого муктаж балдар

менен маектешүү

Ч.Иманкулов атындагы орто мектебиндеги социалдык коргоого муктаж балдар 9 «Б» классынын окуучусу Кубанычбекова Альбина, 6 «Б» классынын окуучусу Сатынды кызы Айзада. Бул окуучулар менен мектептин соцпедагогу Карагулова Гулзада аңгемелешти. Силер азыр мектепте окуп жатасыңар. Мектепте окуу үчүн окуу куралдары жана кийим-кече деген керек. Силер бул нерселерге муктаж эмессиңерби? 9 «Б» классынын окуучусу Кубанычбекова Альбина мындай деди. Байкем экɵɵбүз таежемдин колундабыз. Апам Москвада иштейт. Атабыз каза болуп калган. Окуу куралдары жана кийим-кече менен убагында эле камсыз кылат.Бирок кээде керек нерсеңди айта албаган дагы учурлар болот. Сатынды кызы Айзада менен дагы ушул сыяктуу суроолор менен маектешүү өттү.

20.09.2016. Соцпедагог: Карагулова Г.С

Ч.Иманкулов орто мектебинин 2016-2017-окуу жылы үчүн ата-энелери чет жакта иштеген окуучулардын тизмеси.

Мектептин директору: Сыдыкова Г.М.

Зордук-зомбулук анализ.docx
1-чейрекке карата соцпедагогдун отчету
Зордук иш планы.docx
Тунку рейддин жыйынтыгы.docx
каникул отчёт.docx
Рейд.docx