ТАРБИЯЛЫК ИШТЕР

Бекитемин:

Мектептин директору: Сыдыкова Г.М.

3-милдет. Тарбия берүү. «Кыргыз Республикасында 2020-жылга чейин мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоо концепциясы” боюнча 2016-2017-окуу жылына карата түзүлгөн жылдык иш чаралардын отчету.

1-багыт. “Адеп-ахлактык тарбиялоо”.

Мектепте 1-сентябрда билим күнү ѳткѳрүлдү. Бул салтанатка Булан-Сөгөттү айылынын айыл башы Керимбек уулу Т., мектептин жалпы жамааты, айылдык кенештин депутаттары; Дүйшеев Н.И.,Семеев И.К. Райондук Билим Берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Сулай манова З.М.,

окуучулар жана ата-энелер катышышты.

Салтанаттуу кечени мектептин директору Сыдыкова Г.М. ачып берди.

Мектеп администрациясы тарабынан даярдалган салтанаттуу кечеден кийин, ар бир класста «Кыргызстандын тарыхы жана маданияты улутубуздун сыймыгы жана байлыгы»- деген темада тарбиялык сааттар ѳткѳрүлдү. Ар бир класс бул ачык тарбиялык сааттарды эң жакшы деңгээлде өтүп бере алышты. Мектеп администрациясы менен бирдикте карап чыкканыбызда ар бир класстын жабдылышы, мугалимдин даярдыгы, окуучулардын жаңы окуу жылына карата болгон кызыгууларынан байкалып турду. Бул күнү окуучулар жана мугалимдер үчүн абдан маңыздуу, терең маанилүү сабактар ѳтүлдү.

Мектепте жаңы окуу жылына карата ата-энелер менен 3 тараптуу келишим түзүлүп, окуучулардын саны такталды.

Жыл башында мектепте «Тимурчулар» командасы түзүлүп, 10 б-классынын окуучулары класс жетекчиси Гудкова О.В. менен бирдикте бекитилди. Алар үчүн атайын иш пландары түзүлүп, жыл ичинде ошол түзүлгөн план боюнча иш алып барышат.

Тимурчулардын негизги максаты : кары-картаңдарга, жетим-жесирлерге, оорулуу жана жалгыз бой адамдарга жардам берүү.

«Кайрымдуулуктун бир белгиси –карыларга жардам берүү»-деген темада Тимурчулар командасы атайын мектепте тегерек стол өткөрүштү.

21-26-сентябрга чейин «Кыргыз тили-Мамлекеттик тил» деген темадагы жумалык ѳткѳрүлдү. Мында класс жетекчилер «Эне тилим-эне сүтүм» деген темадагы класстык сааттарды өткөрүшүп, ар бир класста дубал газеталарды чыгарышты.

Тил жумалыгын өткөрүүдө мугалимдер чыгармачылык менен даярданышып, оозеки адабиятын колдонуп, «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү, акындардын ыр саптарынан жатка айттырышып , эң жакшы катышкан окуучулар мактоо баракчаларына ээ болушту. Мисалга алсак: Махаева М., Жыргалбек у М., Самат к Б, Сабитова К,

Азамат к А ж.б.

Кыргыз тил мугалимдери «Кыргыз тилин баалоо- ар бирибиздин атуулдук милдетибиз» деген темада 8-11-класстарда жазуу иштерин өткөрүштү.

1- октябрда «Карылар күнү» белгиленди. Мында айылдагы ардагер апаларды мектепке чакырып, «Үмүт» уюму тарабынан даярдалган чакан концертти коюп беришти.

«Карысы бардын ырысы бар»- деген темада класстык сааттар ар бир класстарда өтүлдү. Класстардын жабдылышы, окуучулардын сабакка болгон дилгирлиги, мугалимдин жоопкерчилиги, балдардын даярдыгынан кѳрүнүп турду.

Мектептин «Үмүт» уюму тарабынан «Көчмөндөр оюну» деген темадагы сүрөт сынагы уюштурулду. Мында 11б классынын окуучусу Султанбек уулу Эмир

1-орунга ээ болду, 2-орунга 10б классынын окуучусу Махаева М. ‘’ болушту.

Мектепте класс жетекчилер, соцпедагог менен бирдикте ар кандай иш чараларды өткөрүп турабыз.

2-багыт. “Жарандык тарбиялоо”.

23-сентябрда «Кыргыз тили-мамлекеттик тил» -деген темада мектепте иш чара өтүлдү. Мектептин окуучулары тилдин баалуулугун жана тил кадырын белгилүү акын жазуучуларыбыздын чыгармаларын аткаруу менен бирдикте чагылдырып бере алышты. Мында кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин кошкон салымы зор болду. Алар: Калыкова, Карагуловалар.

Бул майрамдын өтүшү окуучуларды өз эли үчүн чыныгы намыстуу коргоочу болууга, өз эне тилин жандай сактоого үндөөчү сабак болуп калды.

“Кыргыз тили-улуу Манастын тили”-деген темада класстык сааттарды өткөрүштү. Бул класстык сааттарды отуу, окуучулар учун “Манас” эпосунун канчалык денгээлде жогору тураарын, баалап, нарктап, окуучулардын жарандык милдетинин калыптанышына алып келет. Мектеп боюнча манас айтуучулардын арасынан 9б классынын окуучусу Мурат уулу Рустам 1-орунга ээ болду.

Ноябрда «Мугалим мөмөлүү дарак»-деген темада класстык сааттар өткөрүлдү. Бул ачык сааттардын максаты балдарды кайрымдуу болууга үндөө менен бирге адамдык асыл сапаттарды калыптандырууда улууларды сыйлоонун, урматтоонун ролу, бала үчүн мугалимдин таасири эң жогору тураары белгиленди. Бул ачык сааттардан кийин окуучулар дилбаяндарды жазышты.

Октябрда «Мен жана менин укугум» деген темада окуучулар арасында диспут өткөрүлдү. Мында окуучулар эмнеге укутуу экендигин баса белгилешип, талаш-тартыш менен диспут балдардын кызыгууларын арттырды.

3-багыт. “Мекенчилдикке тарбиялоо”.

Сентябрь айында ар бир класста «Менин Мекеним-Кыргызстан»- деген темада тарбиялык сааттар ѳткѳрүлдү. Атайын “Мекеним –Кыргызстан”, “Мен мекенимди баалаймын”-аттуу сурот коргозмолору откорулду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 31-декабрындагы

“2016-жыл Тарых жана Маданият жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” жарлыгына ылайык мектепте атайын стенд уюштурулду. Бул стенд 4 бөлүктөн турат:

1) Тарыхый инсандар 2) Тарыхый эстеликтер 3) Материалдык маданият 4) Руханий маданият

Ар бир доордун өзүнүн тарыхы жана маданияты менен окуучулар ушул уюштурулган стенд аркылуу мугалимдин кошумча түшүнүк берүүсү аркылуу маалымат ала алышты.

Сентябрь айында “2016-жыл Тарых жана Маданият жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” жарлыгына ылайык ар бир класста “Үркүнгө 100 жыл”, “Ысык-Көлдүн тарыхы”, “Көчмөндөр оюну”-деген темадагы класстык сааттар, жогорку класстын окуучулардын ортосунда тегерек столдор өтүлдү.

Ошондой эле “Көчмөндөрдүн маданияты балдардын сүрөттөрүндө”, “Улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгы”-аттуу сүрөт сынактары өткөрүлдү.

Мында эң мыкты тартылган сүрөттөр мектептин көргөзмө залына илинди.

Ал төмөндөгү окуучулардын иштери болду; Махаева М., Догдурбек к Н., Султанбек у Э., Рогова Н., Савитова К., Өмүрбек к К., Букаева А.

4-багыт. “Жаратылышты сүйүүгө тарбиялоо”.

Жыл башында «Баарынан таза жана жашыл класс» деген сынак өткөрүлдү. Мында эң жакшы жашылдандырылган класстарга мактоо баракчалары берилди. Алар: 5а класс, 6 б класс, 2 а класс, 11 б класстар болушту. Жыл бою ушундай сынактарды өткөрүп туруу окуучулар үчүн зор пайдалуу.

Октябрь айында «Күз майрамы» өткөрүлдү. Мында ар бир класс күз майрамына мыкты даярдангандыктарын көрсөтүштү. Берекелүү күздүн көрүнүшүн ар кандай сүрөттөр, жасалгалар, жашылча-жемиштер менен даярдашып беришти.

Эң мыкты класстарга мактоо баракчалары тапшырылды. Алар: 4а, 4б, 6б, 7б, 5а, 10б класстары болду.

«Күз майрамында» балдар күзгү пейзаж жөнүндө сүрөттөрдү тартышты, атайын сүрөт сынагын уюштурушту.

Эң жогорку сапаттагы сүрөттөр көргөзмө залына илинди.

Андан кийин жаратылышка саякат жасашты. Мында окуучулар жаратылыштын ар кандай өзгөрүштөрүн байкоо жүргүзүү дептерлерине жазышып, өз ойлорун ортого салышып, жаратылыштын пайдалуу жактарын эске тутуп, табигат менен таттуу мамиледе болууга тарбияланышты.

Ар бир класста “Мен жаратылышты сүйөмүн” деген темада класстык сааттар өтүлдү. Ар бир окуучу класстык сааттардан кийин өз ойлорун дилбаян аркылуу жазып беришти. Эң мыкты, көркөмдүгү жагынан жакшы жазылган иштер мугалим тарабынан бааланды.

Сентябрь айында «Таланттуу окуучулардын илимий коомун» уюштуруу класс жетекчилер тарабынан түзүлдү. Ар бир класстагы таланттуу балдар менен класс жетекчилер иш алып барышты. Эмгекке үйрөтүү боюнча мугалими Романова К.Э. 5-7 класстардын окуучуларынан шыктуу балдарды тандап алып, «Сүрөтчүлөр» конкурстарын уюштурду. Мында биз мугалимдин эн жогорку чеберчиликте даярданганын жана сапаттуу билимине баа бердик. Ал шыктуу окуучуларга ар кандай буюмдарды жасоого, жип менен токууну жана кол машина менен кыздарга ар кандай курактарды кураганга үйрөттү. Окуучулардын мыкты иштери көргөзмө залына илинди.

5-багыт. “Көп маданияттуулукка тарбиялоо”

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 31-декабрындагы

“2016-жыл Тарых жана Маданият жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” жарлыгына ылайык Кыргыз республикасында 2020- жылга чейин мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоо концепциясын ишке ашырууда класс жетекчилер менен биргеликте иш пландарын иштеп чыктык. Мында атайын “Тарых жана Маданият жылына” арналган бурчтар уюштурулду, көргөзмө залдарында “Көчмөндөрдүн маданияты балдардын сүрөттөрүндө” 6-апрелде, “1916 жыл Улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгы”-аттуу сүрөт сынактары, “Үркүнгө 100 жыл”, “Ысык-Көл районунун тарыхы”, “Жусуп Баласагын 1000 жашта”- деген темадагы класстык сааттар өтүлдү.

Томолой, жарым жартылай, соц. жетимдер менен мектептин тарбия завучу, соцпедагог жана класс жетекчилери тарабынан иш алып барылды. Атайын иш пландары бекитилди.

Мектептеги Ч.Иманкуловдун музейи боюнча класс жетекчилер үзгүлтүксүз балдар үчүн дайыма Ч.Иманкуловдун чыгармачылыгы, басып өткөн жолу жөнүндө иш алып барып турушат.

Мында окуучулар улуу адамдын өмүрү менен эле кабардар болбостон, анын канчалык кыргыз эли үчүн таасири чоң экендигине суктанышып, келечекте эл үчүн кызмат кылууга даяр экендиктерин белгилешет.

Музей кызматкери Иманкулова Мариянын жардамы менен окуучуларыбыз Чалагыз ата жөнүндө тартылган фильмди көрүшүп, көргөн фильм боюнча жазуу иштерин, дилбаяндарды жазышып, атайын талкууга алышты.

Ар бир класста класс жетекчилер «Чалагыз Иманкуловдун басып өткөн жолу»-аттуу класстык сааттарды өткөрүштү.

6-багыт. “Эстетикалык тарбия берүү”

Октябрь айында «Күз майрамы» өткөрүлдү. «Күз майрамында» балдар күзгү пейзаж жөнүндө сүрөттөрдү тартышты, атайын сүрөт сынагын уюштурушту. Эң жакшы тартылган сүрөттөр мектептин көргөзмө залына илинди. Мында 10б классынын окуучусу Махаева М., менен 11б классынын окуучусу Султан уулу Эмирдин эмгектери жогору бааланып, мактоо баракчалары тапшырылды. Бул майрамда атайын «Күз майрамы» залын эстетикалык жактан кооздошуп, майрамдык маанайда окуучулар өз колдору менен жасаган ар кандай буюмдарын көргөзмө залына коюшуп мектепти шаңга бөлөштү.

Соцпедагог Карагулова Г. социалдык иликтөөгө муктаж балдарды ата-энелери менен байланышып, кыдырып чыкты. “Тимурчулар” командасы карыларга жардам беришти.

7-багыт. “Эмгекке тарбиялоо”

Сентябрь, октябрь айларында “Тимурчулар” командасы жетекчиси Гудкова О. Менен бирдикте айылдагы кары-картаңдарга жардам берип, алардын алкыштарына ээ болушту. Алар кайрымдуулуктун бир белгиси –карыларга жакындан жардам көрсөтүү дешет. Мындай кайрымдуулук көрсөтүүдө алар жардам эле бербестен, гумандуулукка, айкөлдүккө, эмгектенүүгө тарбияланышат.

Мектептин дене тарбия мугалими Намазов тарабынан көптөгөн спорттук мелдештер өткөрүлүп турат.

8-багыт. “Зомбулуксуз мектеп”

Жыл ичинде ЖОИнин инспекциясы менен бирдите кылмыштуулуктун алдын алуу иштери жүргүзүлөт. Атайын иш пландары бекитилген. Балдарды жол кырсыгынан сактоо максатында жолдо жүрүү эрежелерин түшүндүрүү иштери ар бир класста дайыма жүргүзүлүп турат. Класс жетекчилер тарабынан ар бир окуучунун күндөлүгүндө үйдөн мектепке чейинки маршруттары белгиленип, 3-тараптуу келишим түзүлгөн. «Тобокел топтогу» ар бир бала менен иш алып баруу дагы туура жолго коюлган. Кыздар жана балдар кеңештери жыл ичинде үзгүлтүксүз, кыздар жана балдар арасында тарбиялык маанидеги иштерди алып барып турушат.

Мектеп ичинде учётто турган окуучулар менен атайын иш алып барылат. Мектеп дирекциясы тарабынан уюштурулган түнкү рейддер ай сайын эки жолу мугалимдер жана ИДН инспекторлору тарабынан ѳткѳрүлүп турду.

Октябрь айында мектепте профилактикалык чогулуш болуп ѳттү. Мында тартип бузуулардын алдын алуу жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш алып барылды. Мектепке бөлүнгөн ИДН инспектору Рысбекова Б.Р. менен бирдикте кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча доклад окулуп, ата-энелер менен бирдикте талкууга алынган жолугушуулар өтүлүп турду. Рэкетчиликтин алдын алуу боюнча иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, окуучулар кечинде кѳчѳгѳ чыкпашы жана ата-энелер мектеп менен тыгыз байланышып, балдарга кѳзѳмѳлдүктү күчѳтүүсү жыл ичинде каралып турду. Ар бир класс жетекчи график менен мектеп администрациясынын жетекчилиги астында түнкү рейддерге чыгышып, балдарга туура жүрүүсү жөнүндө иш чаралар өткөрүлүп турду. Түнкү рейддерге кѳбүнчѳ тентек, ар кандай адепсиз ишке жѳндѳмдүү, сабакты кѳп калтырган окуучулардын үйлѳрүнѳ баруу жагы каралган. Рейд жүргүзүлгөн учурда атайын уюштурулган ата-эне менен байланыш дептерлерине жазылып, окуучулар менен иш алып барылат. Ошондой эле мектеп окуучуларынын арасында налог салуу зомбулугун болтурбоо жана анын алдын алуу боюнча ар бир класс жетекчи иш пландарын түзүшүп, ѳзүлѳрүнүн окуучуларынын арасында «Зомбулуксуз мектеп»-деген темада атайын тарбиялык ачык сааттарды ѳткѳрүштү.

Кыздар менен иш алып баруу дагы жакшы жолго коюлган. Жыл башында кыздар арасында атайын тарбиялык Кыздар кеңеши түзүлүп, иш пландары бекитилип, жетекчилигине жаш мугалим Кожобекова Э.Б. дайындалды.

Мектепте жаш милиционерлер тобу түзүлгөн. Аларга 9 б классынын окуучулары бекитилген. Класс жетекчиси Айтыкулова А.К.

Ата-энелер менен байланышты күчѳтүү, аларды тарбия ишине тартуу, балдарга болгон жоопкерчиликти арттыруу-мектеп мугалимдери үчүн абдан жакшы жардам болуп саналат.

Кылмыштуулукка каршы тарбиясы оор балдар менен иш алып баруу дагы ата-энелер тарабынан эң жакшы жолго коюлган. Ата-энелер менен байланышты күчѳтүүнүн ѳзү эле балдарга болгон жоопкерчиликти арттыруу болуп эсептелет, жыл ичинде аталар жана энелер кеңештери окуучу кыздардардын жана балдардын арасында үзгүлтүксүз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турушат.

Алар тарабынан уюштурулган тегерек столдор, кызыктуу кечелер, викториналар кѳптѳгѳн жетишкендиктерди алып келет. Балдар арасында кезигүүчү укук бузуулардын алдын алуу максатында ата-энелер комитети мектеп менен дайыма тыгыз байланышта иш алып барышат.

9-багыт. “Сергек жашоого тарбиялоо”

Жыл ичинде “Сергек жашоого тарбиялоо” боюнча атйын иш планы түзүлүп бекитилген. Мында класс жетекчилер төмөндө берилген темадагы класстык сааттарды өткөрүшөт. Алар: “Өздүк гигиенаны сактоо”, “ВИЧ ифекциясынын алдын алуу”, “СПИД-эң коркунучтуу дарт”, “Спорт-ден соолуктун булагы”, “Алкоголдун зыяндуулугу”, “Тазалык-ден соолуктун булагы”, “Тамеки өмүргө зыян “. Бул сабактар атайын көрсөтмө куралдар менен жабдылып, аңгемелешүү, диспут, мээге чабуул, дилбаян, эссе, ж.б. түрдүү методикалар менен өтүлөт. Кээ бир сабактар видеофильмдерди көрсөтүү менен жыйынтыкталат.

Окуучулар сергек жашоонун маанисинин тереңдигин, турмушка өтө зарылдыгын, келечек үчүн максат кылууну алдыларына коюшат.. Чындыгында эле эгерде бала спорт менен машыгып турса, анын дени дагы сак, эч жери оорубаса, көңүлү дагы ачык болуп, жашоого койгон максаты да ойдогудай болот, келечекке койгон тилеги дагы орундалат. Ал эми бала спорт менен кызыкпаса, бир жери ооруп турса, ал баланын жашоого дагы кызыгы болбойт да.

2017-2018 окуу жылына карата тарбия иштери боюнча милдеттер.

1. Билим күнүн ѳткѳрүү.

2. «Кыргыз тили-мамлекеттик тил» темасында

мектеп ичинде мелдеш уюштуруу.

3. «Манас» эпосун жандандыруу, ар кандай сынактарды өткөрүү.

4.Кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин арасында мелдеш уюштуруу.

5. Мектеп ичинде семинар ѳткѳрүү, мугалимдердин чыгармачылыгын арттыруу.

6.Таланттуу окуучулар менен иш алып баруу.

7.Класс жетекчилердин иш пландарынын чыгармачылык менен иштѳѳдѳгү кызыкчылыгын арттыруу.

8.Сүрѳтчүлѳр коомун түзүү.

9.Окуучулар арасында «Тимурчулар» командасын түзүү.

10.Томолой, социалдык, жарым-жартылай жетимдер менен иш алып баруу.

11.«СПИД» жумалыгын ѳткѳрүү.

12.Тазалык акциясын ѳткѳрүү.

13.Жыл ичинде айыл ѳкмѳтү менен маданий-массалык иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүү.

14.Окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш чараларды ѳткѳрүү.

15.«Тобокел» топтогу балдар менен иш алып барууну күчѳтүү.

16.ИДН кызматкерлери менен жыл ичинде тынымсыз иш алып баруу.

17.Түнкү рейддерди уюштуруу.

18.Жыл башында ата-энелер менен 3 тараптуу келишим түзүү.

19.Ата-энелердин балдарга болгон жоопкерчилигин арттыруу.

20.Мектеп ичинде кыздар жана балдар кенештерин тузуу.

«Бекитемин»

Мектептин директору: Сыдыкова Г.М.

Ч.Иманкулов атындагы Булан-Сөгөттү орто мектебинин октябрь айына карата түзүлгөн иш планы

Бекитемин

мектептин директору: Сыдыкова Г.М.

Ч.Иманкулов атындагы Булан-Сөгөттү орто мектебинин сентябрь айы үчүн түзгөн иш планы

Мектепте жыл боюнча иштел...дин тексттик анализи.docx
концепция